Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору 2023-жылдын 19-сентябрынан баштар курстардын жаңы тобуна кабыл алууну баштады.

 Окуу борбору төмөнкү багыттар боюнча курстарды сунуштайт:

1. Башталгыч деңгээли үчүн маалымат аналитикасы;

2. Санариптик көндүмдөр (Excel);

3. Башталгыч деңгээли үчүн киберкоопсуздук;

4. Жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздери.

"Башталгыч деңгээли үчүн киберкоопсуздук" курсубир жума үч жолу (дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби) күндөрү өткөрүлсө, калган курстар жумуш күндөрү (дүйшөмбүдөн жумага чейин) офлайн форматта өткөрүлөт. Курстун окутуучулары – аталган чөйрөлөрдөгү эксперттер жана тажрыйбалуу адистер. Курстун жыйынтыгында бекитилген үлгүдөгү сертификат тапшырылат.

 Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Окуу борбору 2023-жылдын 25-июлунан баштап ийгиликтүү иштеп келе жатат. Бул кыска убакыт ичинде биз 130 мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнө курстарды уюштурдук. 70тен ашуун угуучуларга сертификат тапшырылды. Компьютер менен мыкты деңгээлде колдонууну, интернет-тармагы менен иштөөнү жана жеке маалыматтардын коопсуздугун сактоону талап кылган санарип заманында Окуу борбору дал ушул багыттарда курстарды сунуштайт. Биздин угуучулардын арасында жаңы кесипти аркалоону кызыккандардан баштап, квалификациясын жогорулатууну каалаган тажрыйбалуу адистер жана эксперттер бар.

Толук маалымат алуу үчүн байланыш номерлери: 0(312) 641403, 0 (998) 950850. Биздин дарек: Бишкек ш., Чүй проспектиси, 265а, КР УИАнын батыш тарабы.

****

Учебный центр Госагентства по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики объявляет о начале набора слушателей на новый поток курсов с 19 сентября 2023 года.

 Учебный центр предлагает обучение в следующих направлениях:

1. Аналитика данных для начинающих

2. Цифровые навыки (Excel)

3. Кибербезопасность для начинающих

4. Правовые основы защиты персональных данных

🕐Все курсы будут проводиться в офлайн формате ежедневно в будние дни, за исключением курса "Кибербезопасность для начинающих", который будет проводиться три раза в неделю (понедельник, среда, четверг). Преподаватели курсов – эксперты и практики в своих областях. По завершению курсов выдается сертификат установленного образца.

Для информации:

Учебный центр Государственного агентства по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики успешно функционирует с 25 июля 2023 года. За это время мы провели курсы для 130 государственных и муниципальных органов, а также для представителей бизнеса. Сертификат получили более 70 слушателей. Учитывая эру цифровизации, которая требует от нас владения компьютером на должном уровне, работу с интернет-пространством и обеспечение безопасности персональных данных, Учебный центр предлагает курсы именно в этих направлениях. Среди наших слушателей есть не только новички, желающие освоить новую профессию, но и практикующие работники и эксперты, которые повышают свою квалификацию.

Контакты для получения полной информации: 0(312) 641403, 0 (998) 950850. Мы находимся по адресу: г. Бишкек, пр. Чуй, 265а, западное крыло НАН КР.